Апрелдин аягында АКШ долларынын орточо курсу 68,42 сомду түздү.

Былтыркы жылдын апрель айына салыштырмалуу валюта 13,9%га жогорулады. 17-майга карата Улуттук банктын расмий курсу 68,35 сомду түздү.

Салык кызматы Кыргызстандын январь-апрель ичиндеги макроэкономикалык абалына жыйынтык жарыяды. 4 ай ичинде өлкөнүн ички дүң өнүмү 4,9%га төмөндөгөнүн белгилейт.

Бирок “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, экономиканын реалдуу темпи айыл чарбасындагы (1,5%), кызмат көрсөтүүлөрдөгү (1,9%), курулуштагы (1,0%) өсүштүн натыйжасында жана Кумтөрдөн тышкары өнөр жайдын (7,4%) азаюусу менен 0,0 пайызды түздү

Бөлүшүү