Google Евробиримдикке 3 млрд евро айып төлөп берет

Автор -
408

Alphabet холдингине кирген Google компаниясы Европанын монополияга каршы мыйзамдарын бузду деп айыпталууда. Reuters’ке ишенимдүү булактары айтып бергендей, компания 6 жыл бою ЕБ бийликтери менен чырды жоюуга аракет кылып келди. Бирок андан эч кандай майнап чыккан жок.

Google Европа рыногунда үстөмдүк кылып жатканын кыянаттык менен пайдаланды деп күнөөлөнүп жатат. Компанияны иликтөө иштери 2010-жылдан бери жүрүүдө.

The Telegraph’тын маалыматы боюнча, жакынкы жумаларда Google 3 млрд еврого айыпталышы мүмкүн. Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушу үчүн бул эң ири сумма болмокчу. Буга чейин, 2009-жылы, Intel компаниясы 1,1 млрд евро төлөгөн эле.

2015-жылдан бери Европалык комиссия Google’га каршы Android системасына байланыштуу дагы иликтөө жүргүзүүдө.

Булак: Nur.kz