Кумтөр кенин иштеткен “Centerra Gold” компаниясы Канада, Монголия, Португалия жана Түркияда алтын казып, кайра иштетет. Бирок алардын баары биригип, кирешесинин 3%ын гана алып келет. 97%ы Кыргызстанда иштеткен Кумтөрдөн түшөт.
«Кыргызалтын» ААК «Центеррада» эң ири үлүшкер болуп эсептелет. Кыргызстанга компаниянын 32%дан ашууну тиешелүү. Кийинки чоң акционерлердин үлүшү 10%га жетпейт.
«Кыргызалтын» өзү билдиргендей, буга карабастан, «Центерра» менен кыргыз тараптын мамилеси улам сууп баратат.
“Компаниянын директорлор кеңеши “Кыргызалтынга” өзүнүн жана башка акционерлердин кызыкчылыгында таасир этүүгө мүмкүнчүлүк калтырбай жатат. Мисалы, үлүшкерлер үчүн акцияларынан түшкөн кирешеси көбөйүшү маанилүү экенине карабастан, “Центерра” дивиденддерди төлөп берүү саясатын өзгөртүү боюнча сунуштарыбызды көңүл сыртында калтырууда”, — деп “Кыргызалтын” бүгүн билдирүү жасады.
“Кыргызалтын” “Центерра” кредиторлордун алдындагы карызын жабуу үчүн кошумча эмиссия жүргүзгөнүнө (жаңы акциялар чыгарылды, анын жыйынтыгында жаңы акционерлер кошулуп, Кыргызстандын үлүшү азайды – Saat.kg) нааразычылыгын билдирүүдө. Кыргыз тарап “Центерранын” бул кадамын натыйжасыз жана негизсиз деп эсептейт.
“Кыргызалтын” бүгүнкү күнгө карата “Центеррага” каршы Кыргызстандын сотторунда 300 млн доллардан ашуун суммага экологиялык айыптар каралып жатканын кошумчалады.
“Мунун баарын эске алып, “Кыргызалтын” “Центерра” компаниясынын жетекчилигин алмаштыруу зарылчылыгы келип чыкты деп эсептейт. Буга байланыштуу, директорлор кеңешин шайлоодо “Центерра” көрсөткөн талапкерлер боюнча “Кыргызалтын” добушун бербей турганын билдирет. Бирок Бектур Сагынов, Эдуард Кубатов жана Нурлан Кыштобаевдин талапкерликтерине “Кыргызалтындын” каршылыгы жок”, — деп билдирүү жасады.