750 кг күрүч менен 155 кг жаңгак Новосибирск облусунда 14-майда кармалды. Товар Алтайдагы Барнаул шаарында “Фуд-Сити” базарында сатылууга жөнөтүлгөн.

Россельхознадзор билдиргендей, жүктү текшерүүдө фитосанитариялык сертификаттар жок болуп чыккан. Продукцияны Орусия аймагына алып кирүүгө тыюу салынып, товар Кыргызстанга кайтарылды.

Бөлүшүү