Айдоочулар авто унаа менен жүктөрдү ташуу кызматына ыктыярдуу патенттери жок туруп товарларды ташып киришкен.

Салык кызматынын маалыматы боюнча, бул адамдар мурдагы жыл үчүн унааларына салыктарды төлөшкөн эмес.

“Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө пункту (Талас облусунун Манас району) аркылуу унаа салыгын төлөшпөстөн айдоочулар — Э.Туранов 19 тонна жана Б.Чоноев 18 тонна суютулган газ (пропан) алып өтүшкөн.

Ал эми дагы бир жаран салык органында каттоосу жок эле “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө пункту (Чүй облусунун Аламүдүн району) аркылуу 200 килограмм ун алып өткөн.

Салык кызматынын билдирүүсүнө караганда, эсепке алынбаган товарларды ташуу, алардын көлөмүн жана иш жүзүндөгү наркын азайтуу Кыргызстандын бюджетине кыйыр салыктардын келип түшүүсүнүн көлөмүнө терс таасирин тийгизүүдө.