Шамалдын ылдамдыгы айрым райондордо 25-27 метрге чейин жеткен. Натыйжасында турак-жайлардын жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркады.

ӨКМ билдиргендей, Нарын шаарында 2 турак жай, 1 соцобъекттин жана 1 жеке ишкананын чатырлары жараксыз болуп калды. Ошондой эле, Нарын жана Ат-Башы райондорунда дагы катуу шамал үйлөргө зыян келтирди.

DSC_0150 DSC_0153 DSC_0165 DSC_0178 DSC_0181 DSC_0184