2016-жылдын январынан иштеп баштагандан бери ипотека алууга 180 арыз түштү. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жылдын аягына чейин 3 миңдей кишиге насыя берүүнү тапшырды.
Компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамшиев өкмөт башчысына аткарылып жаткан жумуштар боюнча айтып берди. Жээнбеков биринчи кезекте муктаж болгон үй-бүлөлөрдү ипотекалык насыя менен камсыз кылуу керектигин белгиледи.
“Антпесе, эл бул программага ишенбей калат”, — деди ал.
Шамшиев экинчи этапта насыя алууга миңден ашуун арыз түшкөнүн кабарлады. 20-майдан тартып кайрылуулар коммерциялык банктарга жөнөтүлүп баштайт. Мамлекеттик ипотекалык компания 6 банк менен иштешип келет.