Бул сумма 1996-2011-жылдар аралыгына эсептелген. Кыргызстан менен компаниянын ортосундагы келишимге ылайык, экологияга зыян келтирип жаткандыгы үчүн “Кумтөр” жылына 310 миң доллар төлөп турушу керек.

Табияттын булганышы үчүн акы төлөп туруу келишими 2009-жылы түзүлгөн. Мындан улам, айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги Кумтөр кени иштеп баштагандан бери (1996) төлөнүшүн талап кылууда.

2013-жылы кыргыз тарап компанияны сотко берип, 1996-2011-жылдар аралыгы үчүн 15,5 млрд сом төлөп беришин талап кылган. “Кумтөр” өз кезегинде бир нече жолу арыз жазып, ишти токтотууга аракеттенген. Соттун кезектеги отуруму 30-майда өтөт. Иш Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда каралууда.

Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамагенттиги билдиргендей, 310 миң доллар акы жаратылышты булгалай турган калдыктардын жайгаштырылышы үчүн төлөнүп турат.