“Ашуу Гран При” Кемин шаарында башталып, эки этап менен өткөрүлөт. 28-майда Кеминден Калма-Ашууга чейин 35 чакырымдык веложүрүш болот. Андан кийин эркектер (41 км) жана айымдар (21,4 км) арасында жарыш өтмөкчү.

Жарышта катышуучуларга тамак-аш берилет. Жеңүүчүлөргө байгелер каралган. Биринчи орунга жаңы велосипед берилет. Уюштуруучулардын айтымында, эки күн катышкандардын бир бөлүгү түнү “Ашуу” мейманканасында жайгаштырылат. 29унда “Чоң-Кемин” улуттук табият багына веложүрүш өтмөкчү.

Ashu Grand Prix Kemin алгачкы жолу 2012-жылы өткөрүлгөн. Кийинки жылдары веложүрүш Кеминде жана Ысык-Көлдүн жээгинде мамлекеттик кызматкерлердин жана чет элдик спортчулардын катышуусунда өтүп келди.

Катышууну каалагандар 0555 50 99 99 номуру аркылуу кайрылса болот