Фуцзянь аймагына караштуу өнүктүрүү жана инвестициялоо корпорациясы курулат деп пландаштырылган ГЭСтер боюнча документтерди сурады. Изилдеп көрүп, кытай тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келүүгө даяр.
КРдин Гуанчжоу шаарындагы генералдык консулдугу Фуцзянь жетекчилиги менен жолугуп, туризм, айыл чарба, гидроэнергетика жана тоо-кен өнөр жай тармактарында кызматташуу боюнча сүйлөштү.
Фуцзяндын корпорациясы эл аралык Сямэнь банкында, автобус өндүргөн Цзин лун заводунда, Сямэнь эйрлайнс компаниясында ири акцияларга ээ. Корпорация ГЭС жана темир жолдорго инвестиция салууга өзгөчө көңүл бураары белгилүү.