Бүгүн футбол күйөрмандарынын майрамы. Англиялык “Ливерпуль” менен испаниялык “Севилья” Европа лигасынын кубогуна ат салышат.

Быйылкы финалда анык фаворит жок. Европалык букмекерлер өздөрү күмөн санагандай “Кызылдардын” жеңишине коюуда. Бирок “Нервиондуктар” оңою менен өзүнүкүн берчүдөй эмес. Беттешүү Швейцариянын Базель шаарында өтөт.

“Ливерпуль”-“Севилья” матчы 19-майга караган түнү Бишкек убакыты боюнча 00:45те башталат. Спорт телеканалдарынан тышкары оюнду Youtube’дан түз эфирде көрүүгө болот.