Мындай оюн эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах айтты. Буга акыркы убакта орус спортчулары эл аралык мелдештерде допинг колдонуп жатат деген айыптар себеп болду.

Бахтын айтымында, эгерде Орусияда спортчулар уюшкан түрдө допинг колдонуп жүргөнү далилденсе, эл аралык спорт федерациялары жана Олимпиада комитети оор чечим кабыл алууга мажбур болот.

РБК жазгандай, 9-майда америкалык CBS телеканалы сюжет көрсөтүп, орус спортчулары Сочиде өткөн кышкы Олимпиада дагы допинг колдонушканын айткан. Материалда допинг чыгарган лабораторияларды федералдык коопсуздук кызматы көзөмөлдөп турганы жарыяланган.

Бөлүшүү