Улуттук банк сомдун киргизилишинин күнүнө карата коюлган коллекциялык тыйындары 18-майда сатылды.
Аукциондо кийинки тыйындар сатылды:
- «Ош-3000»
- «Манас эпосуна 1000 жыл»
- «Чынгыз Айтматов»
- «Аркар»
- «Улуу Жеңишке 60 жыл»
- «Ташрабат»
- «Акмаңдай гүл»
- «Шанхай кызматташтык уюму»
- «Өзгөн архитектуралык комплекси»
- «Хан-Теңири»
- «Улуттук валютага 10 жыл»
- «Улуу Жеңишке 70 жыл»
Тыйындарын сатуу аукцион аркылуу өткөрдү. Сатыкка жалпысынан 12 нумизматикалык тыйын коюлду. Аукциондук кадам 100 сомдон башталды. Жалпысынан 21 катышуучу катталып, сатыкка коюлган жалпы баштапкы баасы 82 000 сомду түзгөн. Ал эми аукциондо сатылган тыйындардын жалпы суммасы 140 300 сомду түздү.