Депутаттын пикиринде, паспорт чуусу боюнча УКМК алдындагы коррупцияга каршы кызматына тапшырма берүү керек.

“Өкмөт болсо ИИМге жана мамлекеттик каттоо кызматына тапшырып койду. Бул ички эмес, тышкы коопсуздук. Эң маанилүү документтерибиз — жарандык паспортубуз. Эгер муну ачыкка чыгарбасак, эртең биздин жарандарды сыртка чыгуусунда текшерүүлөр көп болот. Булар жасалма паспорттор менен жүрөт деген шек жаралат”, — деп Кенжебек Бокоев ЖК отурумунда айтты.

Белгилей кетсек, Кытайдагы 98 уйгур Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалган.