II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кирген спорт түрлөрү менен тааныштырууну улантабыз.

Азербайжан элинин визиттик карточкасына айланган бул күрөштүн түрүн кошо кетели. Бул спорт түрүнүн өзгөчөлүгү күрөш музыка коштоосунда болгондугун айтсак болот,   көңул эргиткен добулбас менен зурнанын алдына гюлешке түшкөн пехлевандар чыгат.

Кармашаардан мурун балбандар 2-3 мүнөт «мейдан-газмек» демекчи, ырым өткөрүп алышат. Каршылаштар салмактуулук менен тегерене басышы, алмак-салмак колдорун өйдө-ылдый, артка-алдыга көтөрүшү кудум эле бийди элестетет. Андан соң, бир нече жолу жерге кулап, төшү менен жерге тийип, бири-бирине салам ыргытат.

Оюндун кызыгы андан кийин башталат. Килемдин ортосунан алар бирин-бири үч жолу, оң же сол ийини менен уруп, күрөшкө түшүшөт.

Бул оюндун эрежеси эң жөнөкөй. Болгону кокодон алып, ичтен ылдый тепкенге болбойт. Андан сырткары, баардык ыкмаларды колдонууга уруксат берилген.

Кармашуу 15 мүнөткө созулат. Жеңиш каршылашын эки далысы менен жерге жаткызкандыкы болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү