Депутаттын пикиринде, уюмга кирген өлкөлөргө Кыргызстандан азыктарды экспорттоо маселеси курч бойдон калууда. Эл аралык стандартка жооп берген лабороторияларды даярдабай, фермерлердин маселелери курчуп жатат.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун ЖК жыйынында билдиргендей, Кыргызстандын азык-түлүктөрү Казакстандын Тараз жана Алматы шаарларына гана өтүп жатат.

“Орусияга, Арменияга жана Казакстандын төр жагындагы аймактарына продукциялар өтпөй калды. Мына бүгүнкү күндө жаңы өкмөт келип, ушунун үстүнөн иштеп баштады. Бирок ыкчам иштеш керек. Ошондой эле, бул боюнча өкмөт фермерлерге маалымат берип койсо», — деди депутат.

Анын айтымында, жалпы ветеринардык көйгөй бүгүнкү күндө курч бойдон калууда.

«Ветеринария инспекциясын көзөмөлгө алуу зарыл. Анткени, бизге өнөктөш мамлекеттерден эт азыктары келип, конкуренция жаралып жатат. Ошол атаандашууну жоюу үчүн жакшы даярдыктарды түзүү абзел”, — дейт эл өкүлү