«Билбесең Google’дан сура» деген сөз заманбап макала болуп бараткандай. Saat.kg Кырнеттегилер бул популярдуу сайтта эң көп издеген сөздөргө байкоо салды.
Күтүлгөндөй эле, акыркы бир айда эң популярдуу сурам «аба ырайы» экен. Кыялын көрсөткөн жаз айынын жаанчыл болуп, кол чатырды аламбы же жокпу деген максатта издегендер көп болгондур, айтор белгисиз.
«Реферат». Интернеттин пайда болушу менен жүгү жеңилдеген студент менен окуучу бул сурам менен Google’га бат-бат кайрылып турат.
«Карта». Google street’ке Кыргызстан түшүрүлгөндөн кийин картаны карагандар да көбөйгөн сыяктуу.
«Валюталар курсу Кыргызстан». Бир нече ай мурун эле доллардын өйдө-ылдый секириши менен кызыккандар жана бул акчаны кармагандар жакасын кармап, курстун өзгөрүшүн карап тургандай.
Андан сырткары, «Кыргызстан обондору», «жаңылыктар», «Кыргызстан сүрөт», «Ош» деп издегендер да көп.
Ал эми дүйнөдө азыр эң популярдуу болгон сурам «футбол ливерпуль, лига Европы». Акыркы 24 саат ичинде «Севилья фк», «Джамала», «игры престолов» популярдуу болгон тура.