Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков министр Эльвира Сариеваны кабыл алып, билим берүү тармагы тууралуу талкуулашты.

Өкмөт башчы билим берүү системасындагы реформага көңүл буруу керек экенин айтты.

“Өлкөнүн келечеги элдин билимдүүлүгүнөн көз каранды. Мугалимдердин айлыгын көтөрүү, жаңы мектептерди куруу боюнча чаралар көрүлүп жатат. Ошону менен катар эле көйгөйлөр дагы бар. Мисалы билим сапатын жакшыртуу, мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү зарыл”, -дейт премьер-министр.

Талкуунун алкагында, мектепе чейинки билим берүү тармагын реформалоо маселеси каралды.

Бөлүшүү