Кечээ өткөн финалдык беттеште испаниялыктар “Ливерпуль” менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңе алды.

Матч Швейцариянын Базель шаарындагы “Санкт-Якоб Парк” стадионунда өттү. Европа Лигасын жеңүү менен “Севилья” кийинки сезондогу Чемпиондор Лигасына жолдомо алды.

Испаниялык команда Унаи Эмеринин жетекчилигинин алдында үч жыл катары менен жеңишке жетти. 2012-жылы ал жарым жыл маскөөлүк “Спартакты” машыктырган эле. Бирок, канааттандыраарлык жыйынтык көрсөтө албай, жумуштан четтетилген.

Матчтын эң кызыктуу учурлары төмөнкү видеодо:

https://www.youtube.com/watch?v=nDehakB64ZE