Метеорологдор бул өлкөдө байкоо жүргүзүп баштагандан бери +51 градус эң жогорку температура болду. Рекорд кечээ, 19-майда, Ражастан штатындагы Пхалоди шаарында катталды.
Риа жазгандай, буга чейинки рекорд 1956-жылга таандык эле. Ошол эле Ражастан штатындагы Алвар шаарында термометрдин көрсөткүчү +50,6 градусту көрсөтүп турган. Ражастандын дагы бир Чуру деген шаарында кечээ +50,2 градус ысык болуп, ал дагы буга чейинки рекордунан өтүп кетти.