2011-жылдан бери жасалма паспорт менен кармалган чет өлкөлүктөр, кримтөбөлдөр жана кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кыргыз паспорту менен кармалган фактылары катталып келет. Ал өлкөдөгү жемкорлуктун гүлдөп өсүшүнө шарттарды түзүп гана тим болбостон, дүйнөлүк аренада Кыргызстандын аброюн түшүрүүдө.

газета ру

17-майда Кытайлык 98 этникалык уйгурдун Үрүмчүдөн Стамбулга кыргыз паспорту менен учуп келгени маалым болгон. Стамбул аэропортунда Сауд Арабиясын көздөй учуп кетүүнү көздөп турушканда полиция тарабынан кармалышкан. Төрт киши жасалма документти берген деген айып менен камакка алынып, бир билет үчүн 300 доллардан, ал эми жасалма паспорт үчүн 2500 евро алганы маалым болгонун, Түркиялык Hurriyet гезити жазып чыкты.

Жүзгө жакын адамдын жасалма документ менен кармалышы кыргыз коомчулугун дүрбөлөңгө салды.

18-майда мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Түркия тарапка дипломатиялык жолдор аркылуу кайрылып, жасалма делген паспорттордун сериялык номерин жиберүүсүн өтүндү. Жооп эки жуманын аралыгында келээри белгиленүүдө.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун маалыматында, жалпы жонунан 2015-жылы 6504 адам кыргыз жарандыгын алган. Анын ичинде кытайлык 16 Кызыл-Суулук этникалык кыргыз паспортко ээ болгон.

«Түркияда кармалган паспортторго байланышкан алгачкы иш-аракеттерибиз боюнча айтсам, алар МККнын базасында катталган эмес. Демек, жасалма жол менен берилген дегенге негиз бар», — деди ал.

Ал эми ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын кызматкери Кемел Жумабековдун берген маалыматы боюнча, 2015-жылы жасалма пин-номер менен 4000 паспорт берилип, эрежелерге шайкеш келбеген 20 факты катталып, азыр сотто каралууда. Паспорт столунун кызматкерлери тарабынан персоналдык идентификациялык номерлер эки жолу кайталанып берилген учурлар болгон.

паспорт

Паспорт керек болсо Кыргызстандан ал» деген өңдүү оңой-олтоң паспортко эгедер болуу кылмышкер, качкын аталгандарга шарттар өтө жеңил, акча болсо эле иш тез арада чечилет.

«Бул – мыйзамдын жоктугу, өлкөдө жемкорлуктун жогорку деңгээлге жеткенинин белгиси. Тийиштүү чаралар көрүлбөгөндүктөн мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурат. Буга чейин болуп келген. Мындан ары да токтобосо, айрымдар Кыргызстандын атын жамынып алып чоң кылмыштарга барышы мүмкүн.

Биринчиси, бийлик башынан келе жаткан жемкорлукка байланыштуу болсо, экинчи тарабы эч кандай чара көрүлө электигинде. Реформа деген ат менен паспорт берүү укугу структураларга баш аламан берилгендиги деп ойлойм. Үчүнчүдөн, жөнөкөй жарандарга да зыянын тийгизет. Таза жол менен алынган документке деле шек жарала бериши мүмкүн», — дейт саясий ишмер Адиль Турдукулов.

22-апрелде Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин биринчи катчысы Алмаз Букалаев акыркы беш айдын ичинде бир нече факт катталганын айткан.

«Азыр технологиянын өнүгүшүнөн улам, жасалма паспорт да ошондой ыкчам жасалып калды. Казан вокзалында кыргыз ID паспортун 500 рублга жасатса болору ачыкка чыкты. Мындай кадамга көбүнчө кылмышкерлер тобу же ишке орношууга тиешелүү документтери жок өзбек, тажик жарандары барат», — деген.

ЖКнын депутаты Кенжебек Бокоевдин билдирүүсү боюнча, 2015-жылы ЖКда мамлекеттик каттоо кызматындагы жемкорлук схемалары боюнча токтом каралган. Чет өлкөлүктөргө кыргыз паспортунун сатылышы, мигранттардын «кара тизмеден чыгуу үчүн 2000 доллар берип аты-жөнүмдү алмаштырып алдым» деген сыяктуу ИИМге көрсөтмө бергендери катталып эле жүрөт.

«Паспортту жана айдоочунун күбөлүгүн МККнын берип жатканы туура эмес. Паспортту ИИМ берсин, кылмышкерлер, соттолгондор жөнүндө маалыматтар аларда бар. Мамлекеттик каттоонун иши жөн эле тийиштүү документтерди каттап, базага киргизип коюу. Паспорт берүү МККга өткөнү жемкорлук күчөдү деп айтылат жана мен бул ойго кошулам», — деди эл өкүлү.

корруп

2015-жылы тажикстандык оппозиционер Умарали Куватов Стамбулда атылганда анын жанынан кыргыз паспорту табылганын түрк басылмалары жазып чыгышкан эле. КРнын МККсы Куватовго паспорт бербегенин аныктаган. Казакстандын миллионери Мухтар Аблязовдон, Украинанын жана Грузиянын мыйзамдагы уурулары Роман Барбакадзе менен Тимур Синатошвилиден да жасалма паспорттор табылган.

«Башка өлкөдөн жасалма паспорт сатып алганга мүмкүн болсо, биздин өлкөдө эң оңой жана арзан. Мурун бирден-экиден сатылса, азыр жүздөп сатылууда.

Паспорт деген – бул өлкөнүн жүзү, эң негизги документи. Паспорт саткан бул мамлекеттин эгемендүүлүгүн сатканга барабар. Эң чоң даражадагы кылмыш жана чыккынчылык. Кылмышкер жасалма паспортту сатып алып терроризмге барса, ким жооп берет?», — дейт коомдук ишмер Эдиль Байсалов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү