Планетабыздын эң бийик чокусу деп Эверестти эмес (8848 метр), 6267 метр бийиктиги бар Эквадордогу өчүп калган Чимборасо жанар тоосун эсептеш керек. Мындай билдирүү менен франциялык окумуштуулар чыгышты.

Бул парадоксту окумуштуулар Жердин түзүлүшү менен түшүндүрүшүүдө. Биздин планетабыз шар түрүндө болгону менен тегиз тоголок эмес. Анын экватордогу радиусу полюстарга салыштырмалуу 20 километрге кененирээк. Чимборасо Эверестке караганда экваторго жакыныраак.

Гималайдагы Эверест деңиз деңгээлинен эсептегенде эң бийик чоку болуп эсептелет. Ал эми Жердин так ортосунан алганда жанар тоо бир нече метрге бийигирээк болуп калат – 6384 м жана 6381 м.