Казакстанда масштабдуу митинг өтүүсү күтүлүүдө. Активисттер социалдык тармактар аркылуу казак элине ар кандай бидирүүлөрдү таратып жатышат. 21-майда өтө турган акцияга жер кодексине өзгөртүү киргизүү себеп болгон.

Алар бийликти “Жер кодексине” өзгөртүү киргизүү аркылуу жерди чет өлкөлүктөргө сатууну көздөшүүдө деп айыпташты. Буга чейин бир канча митингдер өтүп, “нааразылык акция мыйзамсыз уюштурулуп жатат” деген негиз менен 20дан ашуун активист камалган.

Оппозиция эмне дейт? 
Казакстандын оппозиция маанайындагы саясатчы Мухтар Аблязов социалдык тармак аркылуу элди 21-майда өтө турган митингине чакырды.

Безымянный“Биздин талап жер кодексине өзгөртүү киргизбөө. Чет элдиктерге жерди сатып жибербөө, Казакстандын жерин сактап калуу керек. Ошондой эле мамлекетибизди жоготуп албоо үчүн Назарбаевдин отставкасын талап кылуу зарыл. Ал акчаны ачык эле уурдап жатат. Аны эч ким көзөмөлдөбөйт. Элге отчёт дагы бербейт. Ошондуктан Назарбаевдин отставкасын талап кылабыз”, — дейт казак оппозиционери.

Социалдык тармактардан тараган чакырыктар

Безымянный11Интернет айдыңында “Жер кийинки муун үчүн, колуңду тарт, сенин менчигиң эмес” деген чакырыктын негизинде тасмалар тарап кеткен.

Кечээ түндө Казакстанда баардык социалдык тармактар убактылуу иштебей калганын ММКлар жазып чыгышты. Facebook, Twitter, WhatsApp, Viber, Youtube бир топ убакыт ачылбай турган.

Назарбаев: Казакстандын жери — калктын менчиги

Ал эми казак президенти болсо жалпы жыйын өткөрүп, жерди шылтоолоп, митинг уюштургандар “чагымчылдар” экенин айткан.

“Ызы-чууну уюштуруп жаткандар трактордон түшкөндөр же чабандар эмес. Айыл чарба жөнүндө түшүнүгү жоктор. Ал жер кайсы жакта жайгашканын дагы билбейт. Жер — ата-бабадан калган улутубуздун байлыгы. Казакстандын жери — калктын менчиги”, — дейт Назарбаев.

Назарбаев Союз тарагандан кийин 1991-жылдын декабрында жалпы элдик шайлоодо Казакстандын биринчи президенти болуп шайланган. 1999-2005-2011-жылдардагы шайлоолордо да жеңишке жетет. Былтыр дагы шайлоо өтүп, 97 пайыз менен 2020-жылга чейин президент болуп шайланган.