Бүгүн Армениянын борбору Ереванда ЕАЭБдин өкмөт аралык кеңешинин отуруму өтүүдө. Кыргызстандан өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков катышууда.
Иш-чаралардын жүрүшүндө Жээнбеков казак кесиптеши Карим Масимов менен жолугушат. Андан кийин уюмга кирген башка өлкөлөрдүн премьерлери менен бирге Армения башчысы Серж Саргсян менен жолугушуу өткөрөт.
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке 2015-жылдын 12-август күнү толук кандуу мүчө болуп кирген.