Эки мамлекеттин өкмөттөр аралык комиссиясы бул кайрылууну талкууласа боло турган сунуштардын катарына киргизди.

Slon.ru жазгандай, Түндүк Корея алгач визалык тартипти жумшартып, келечекте биротоло алып салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштады.

Ыраакы Чыгыш маселелери боюнча министр Александр Галушка өлкөлөр ортосунда виза алынаарын 2014-жылы эле айткан. Бирок анын качан ишке ашаарын так айта алган эмес.

Галушка, ошондой эле, КЭДР (Түндүк Кореянын толук аталышы) өзөктүк курал менен машыгууларды өткөрүп жаткандыгы соода жана экономикада кызматташтыкты артырууга жолтоо болуп жатканын кошумчалады.

Бөлүшүү