Бензиндин кымбатташынан улам акыркы жылдары авто унаалар газ менен жүрүүгө өтүп жатышат. Газдын баасы учурда 18 сомдон башталат. Көлөмү чоң болгон машиналарга ыңгайлуу жана арзан түшөт. Бирок аны унаага орнотуу үчүн АКШнын 500 доллары керектелет.

Газ толтурган жайлар кандай талаптарга жооп берүүсү керек?

Учурда унааларга суюлтулган газ куюучу жайлар көбөйдү. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын маалыматы боюнча, анын көпчүлүгү мыйзамдын талабына жооп бербейт. Жайды куруу боюнча атайы долбоор иштелип чыгышы керек. Үйлөрдөн, коомдук имараттардан, аялдамадан 50 метр алыстыкта жайгашышы зарыл. Ал эми транспорттор жүрүүчү жолдон 25 унаа өтсө 15 метр, андан 100гө чейин болсо 25 метр болуусу абзел. Ошол жерде иштеген оператор окутуу борборлорунан билим алуусу керек.

70b12abc-0073-4e53-ac80-8d96a9cf96d2

Талапка жооп бербеген газ куюучу жайлар

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекцияcынын өнөр жай коопсуздук башкармалыгы рейд учурунда 4 газ куюучу жайды текшерди. Алгач Бишкектеги Ахунбаев-Шабдан баатыр кесилишинде жайгашкан “Авто газ” жайына барганда бир нече мыйзам буузулар байкалды. Башкармалыктын жетекчисинин айтымында, жайды куруу үчүн талапка жооп бергидей жер бөлүнүп берилиши керек болчу.

“Бул жерде унаалар өтө турган жолдун боюнда 14 метр алыстыкка эле курулуп калыптыр. Ошондой эле иштеген оператордун атайын окууну бүткөн күбөлүгү жок. Газ сакталган камдык жер астында жайгашкан эмес. Газды куюуда айдоочулардын уруксат кагазы болуш керек. Булар болсо андайларды карабай туруп эле куюп салышат экен”, — дейт Махмудов.

Дагы ошодой эле “Азия газ”, “Тата”, “Таза газ” деген жайларда так ушундай мыйзам бузуулар көрүнүп турду.

7783ebc9-b323-4cd7-b85e-ad424647e2bc

Айдоочулар дагы күнөөлүбү?

Ошол эле бир гана жайлар эмес, айдоочуларда да коопсуздукту сактоо үчүн газ менен жүрүү тетикчесин орноткон уруксат кагазы болуусу абзел. Рейд учурунда кездешкен бир дагы айдоочунун андай кагазы жок. Ал тургай мындай маалыматы жок экенин айтышты.

b796aec1-4c95-44d2-a798-2b0fc1a8e6bf

Мындан кийинки чаралар

Аталаган кызмат бүгүнкү күндө рейддер аймактарда да өтүп, канча жай бар, анын ичинде канчасы туура салынган, канчасы талапка жооп бербей турганы аныкталгандан кийин, багыттама алып, текшеришет.

“Булар тууралуу толук маалымат болгондон кийин экономика министрлиги менен макулдашып текшерилет. Текшерүүдө талапка жооп бербегендер жабылат. Баарын мыйзамдаштырганча жабылып, 5000 сом айып пул салынат”, — дейт.

Коркунуч

Талапты бузган көрүнүш кырсыктарды алып келиши мүмкүн. Ошондой эле адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч келтирет.