«Айыл-Агро-2016» эл аралык IV көргөзмөсүнө 32 завод жана фирма катышат. Масшабдуу иш-чарага 7 миң кв метрлик аянт бөлүнүп берилген. Аймактардан 7 миңден ашуун жергиликтүү ишкер келери күтүлүүдө.

Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдин билдирүүсү боюнча, көргөзмөгө коңшу жана алыскы өлкөлөр да катышат. Анын ичинде Орусия, Беларусь, Польша, Кытай жана Германия бар.

«Фермерлер өзүнө керектүү айыл чарба шаймандарын таба алышат болуш керек», — дейт өкмөт өкүлү.

25-майда «Кыргызстандын айыл чарба секторунун инвестициялык жагымдуулугу жана экпорттук потенциалы» деген аталыштагы агрофорум, 26-майда «Биологиялык жер иштетүүчүлүк» деген темадагы семинар өтөт.