Бишкек шаардык кеңешине шайлоо ушул жылы күзүндө өтөт. БШК октябрдын аягында же ноябрдын башында өтүшү мүмкүн деп божомолдоодо. Азыркы учурда кайсы партиялар шайлоого активдүү аттанаары белгисиз. Бирок коомчулукта ар кандай пикирлер жаралууда.

Жарандык активист Бекназар Айталиевдин айтымында, Жогорку Кеңештеги коалициядагы партиялар катышат. КСДП, “Ата Мекен”, “Бир бол”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү”, “Республика – Ата-Журт” партиялары.

“Ошондой эле парламенттик шайлоого катышып, өтпөй калган “Замандаш”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Эмгек” партиялары дагы катышышы мүмкүн”, — дейт ал.

Ал эми коомдук ишмер, юстициянын генералы Кубатбек Кожоналиев болсо бийликчил партиялар катыша турганын айтты.

“Шайлоого бийликтин жана ошолордун тегерегинде жүргөн партиялар катышат. Оппозициядагы партиялар шайлоодон ар кандай шылтоолор менен өтпөйт”, — деди Кожоналиев.

Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна бийликти, жеке кызыкчылыгын көздөгөн гана күчтүү саясий партиялар биригип, акчаларын топтоп катышат деген оюн  “Эркин Эл” партиясынын, “Жаңы муун” кыймылынын лидери Мавлян Аскарбеков билдирди.

“Азыркы шайлоо мыйзамы толугу менен ошолорго жол ачты. Акчасы бар адам гана шайлоого катышууга аракеттенет. Байлардын партиясы мамлекетти, шаарды эч кандай өзгөртө албайт. Арам акчасын сактоо, көбөйтүү үчүн гана шайлоого ат салышат. Мына парламенттик щайлоо көргөзгөндөй бизге окшогон жаңы партияларды катыштырбаш үчүн күрөөнү көбөйтүп коюшкан. Акча менен атаандаштыкты орнотушту”, — дейт.

2012-жылы өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн 23 партия каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгүн 2010-жылы парламенттик шайлоого катышкан партиялар түзгөн. Шайлоодон КСДП, «Республика», «Ата Мекен» жана  «Замандаш» партиялары өткөн.