Тажикстанда референдум өтүп, катышкандардын 94,5% Рахмон каалаганча президенттикке талапкер болушуна макулдугун берди. Конституция боюнча, президент катары менен эки мөөнөт гана мамлекетти жетектей алат.

Жалпысынан, референдумда шайлоо байланыштуу 41 өзгөртүү кабыл алынды. Президенттикке эми 30 жаштан баштап талапкерлигин койсо болот. 2020-жылы Рахмондун уулу Рустами 30га чыгат.

Былтыр тажик парламенти Эмомали Рахмонду Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү, ошондой эле, Улут лидери деген наам ыйгарган.