Орусияда муз үстүндөгү хоккей боюнча дүйнөлүк биринчилик аяктады. Финалга Канада менен Финляндия курама командалары чыгып, “Team Canada” 2:0гө жеңе алды. Ошентип, Канада дүйнөлүк чемпионаттарда 26-ирээт утуп отурат.

Голдорду 11-мүнөттө Коннор Макдэвид жана 59-мүнөттө Мэтт Дюшен киргизишти.

Буга чейин Финляндия жарым финалдык беттеште Орусияны жеңген. Канададан утулуп калып, экинчи орунга илешти.

Үчүнчү орунга болгон оюнда орус командасы АКШны 7:2 эсебинде жеңди. Дүйнө биринчилиги Маскөө жана Санкт-Петербург шаарларында 6-22-майда өттү.

Финалдык оюндун эң кызыктуу учурларын видеодон көрүүнү сунуштайбыз (Youtube, VOLK OFF):

Бөлүшүү