Онлайн түрүндө билим берүү — сатып ала турган уюмдардын өкүлдөрүн жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү окутуу менен кызматташуу учурундагы жемкорлукка, эрежелерди бузууларга бөгөт коюуга жардам берет.

«Бул окутуунун мурунку окуудан айырмасы алыста туруп билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткандыгында. Анткени, мурун билим алуу үчүн келип сабакка катышуу керек болчу. Азыр интернеттин жардамы менен дистанциялык түрдө каалаган жерде окуй берсе болот. Офлайн түрү болсо CD-дисктин жардамы менен окууга мүмкүнчүлүк берет», — дейт министрликтин окутуу борборунун директору Жылдыз Нурматова.

Бут атайын окутуу курсу дүйнөлүк банктан бөлүнгөн каражаттын эсбинен ишке ашырылган. Аталган банктын Кыргызстандагы өкүлдөрү министликке окутуу курсу камтылган төрт CD-дискти расмий түрдө тартуулады.
Каржы министрлигине караштуу окутуу борборунун порталынан http://egplms.okmot.kg/ адреси боюнча онлайн окутуу курсуна кирүүгө болот.