Алмазбек Атамбаев биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышып жаткан делегация башчылары менен бирге БУУ башкы катчысы Пан Ги Мундун төрагалыгы алдында өткөн мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын жабык отурумуна катышты.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Андан соң биргелешип эстеликке сүрөткө түшүү аземинен кийин мамлекет башчысы биринчи Дүйнөлүк гуманитардык саммиттин расмий ачылышына катышты.
Президент Германия Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолукту. Лидерлер кыргыз-немис эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Дүйнөлүк гуманитардык саммит эл аралык коомчулуктун кризистерге жооп кайтаруу боюнча мамилесин өзгөртүүнү көздөйт.