ЖК депутаттарынын айтымында, учурдагы система айыл тургундарынын нааразычылыгын жаратып жатат. Анткени, көпчүлүк учурда айыл өкмөтүн жетектейм деген талапкерлерди жергиликтүү калк билбейт.

“Жакында эле Нарынга барып келдик. Элдин айтымында, аким депутаттарга бирден уй берип, добушун сатып алып жатат. Эл алардын акими ким экенин билбейт. Эч кандай баяндама бербейт. Жергиликтүү калк болсо акимди жумуштан кетире албайт. Жергиликтүү депутаттар гана укуктуу”, — дейт депутат Кенжебек Бокоев (“Республика-Ата Журт”).

Депутаттын пикиринде, акимдер түз шайлана турган болсо, шайлоо алдында программа жазышат. Аны шайлоочуларга айтып берип, аткарганга аракет кылат.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн ичинде айыл өкмөт башчылыгына талапкерлер мамлекеттик тилди билиши шарт деген талап киргизилүүдө. Аким 4 эмес, 5 жылга шайланып, 30 миң сомдук күрөө коюшу керек болот. Жеңип чыккан талапкерге бул сумма кайтарып берилет.