Каржы министрлигине караштуу окутуу борбору онлайн билим берүүнү ишке киргизип жатып, мындай окуунун таасирин, оң тараптарын талкуулашты.
Анда тендерге катыша турган тараптардын атайын билим алуусунун негизинде туура жана адилеттүү сатып алуу ишин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деген маанидеги пикирлер айтылды.
«Сатып алуу кызматында быйылкы жылдын 1-кварталында мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен 1 млрд сом үнөмдөлгөн. Бир жылдын ичинде 5 же 5,5 млрд сом үнөмдөсө болот деген божомолдор бар. Бул бюджеттин 21-23%ы дегенди билдирет», — дейт мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаменттин директору Улан Даникеев.
Анын айтымында, мамлекеттик сатып алуу кызматы коомчулукка ачык түрдө кызмат көргөзүүгө аракеттенип келет. Кызматтар порталга жайгаштырылып, окутуулар жүргүзүлүп жатат. Эң негизгиси сатып алуу кызматын туура пайдаланууну адамдардын аң сезимине киргизүү керек.