Көргөзмөнү Чолпон-Ата шаарындагы музейдин кызматкерлери өткөрөт.

Музейдин директору Гүлүм Алымкожоеванын айтымында, дүйнөлүк саякатчылардын картасына кирген, республикадагы жалгыз тарыхый этнографиялык комплекстин, туристик агымы көп.

«Азыр даярдыктарды көрүп, иш-чаранын планын иштеп атабыз. Эгер ишке ашып калса, анда уникалдуу музей катары, туризмди да өнүктүрүүдө чоң кадам болот»,-дейт директор.

Ошол эле музейдин абалына токтолуп өттү.

«Музей авариялык абалда болуп, кызматкерлер, жаңы имаратка муктаж. Дубалдарынан жарака кеткен имаратта экспонаттарды койгонго орун жок», — дейт Г. Алымкожоева.