2011-жылы Орусия менен президенттер аралык сүйлөшүүлөр болуп,  мунайга болгон бажы салымын алып салуу жөнүндө келишимге кол коюлган. Кыргызстан үчүн Казакстандан күйүүчү жана майлоочу майын ташуу ыңгайлуу.  Анткени менен бажы төлөмү бар болгондуктан кымбатка түшүп калууда.

мунай

Армениядагы өкмөттөр аралык кеңешмеде ЕАЭБ (Евразиялык экономикалык биримдик) ичиндеги актуалдуу маселелердин тизмеси каралып, соода экономикалык катнаштарга өзгөчө көңүл  бөлүнгөн.

Анда өкмөт башчылары биримдикке кирген өлкөлөрдөгү мунайзат жана мунай продукцияларынын бирдиктүү рыноктун концепциясын түзүүнү жактырышкан. ЕАЭБде бир өлкөдөн  экинчисине күйүүчү майлоочу майын ташуудагы көлөмгө болгон чектөөлөрдүн жоюулушу жана бажы төлөмүнүн алынып салынуусу каралган.

Иштелип чыккан документ 31-майда боло турган жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери тарабынан бекитилет деп айтылат.

Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасынын орун басары Улан Куловдун айтымында, жогоруда айтылган бириккен рынок 2025-жылы ишке кирет. Ага чейин даярдануу иштери жүрөт. Ал эми бажы төлөмүнө байланышкан маселелер эки тараптуу чечилиши керек.  Мында, Кыргызстан, Орусия жана Казакстан менен өз алдынча сүйлөшүп, чечишүүсү керек болот.

2015-жылдын аягында Нефтетрейдерлер ассоциациясы өкмөткө акциздерди арзандатууну сунуштаган. Маалыматка ылайык, эгерде Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майга болгон баа төмөндөсө, Казакстандан арзан деп аткезчилик жолу менен ташып келүүнүн кажети деле болмок эмес, деген пикирин ЖКнын депутаты Сайдулла Нышанов билдирген.

Улан Куловдун, Казакстандан аткезчилик жолу менен ташылып жаткан күйүүчү майдын көлөмү күн санап көбөйүүдө деп билдиргени бар.

“2015-жылы расмий импорт 180 миң тоннага, быйылкы жылдын 1-кварталында 60 миң тоннага азайып кеткен. Бул импорттоочу компаниялардын эле эмес, бюджеттин да жабыркашына алып келүүдө. Өткөн жылы бюджеттен 1 млрд сом, быйылкы жылдын төрт айында 300-400 млн сом кемиген. Бул өтө чоң көрсөткүч. Эгерде чаралар көрүлбөсө, ишканалар ишин токтотуп коюушу мүмкүн. Анын натыйжасында өлкөдө күйүүчү майдын дефицити орун алып, ага болгон баадагы башаламан өсүүлөр орун алышы ыктымал”, — деп эскерткени бар.

мунай 8

2015-жылы Кыргызстанга 1 млн тонна күйүүчү жана майлоочу май импорттолгон. 2016-жылдын январь-апрель айларында 310 миң тонна расмий жолдор менен келген.

Акыркы бир жарым жылдын ичинде күйүүчү май 1-2 сомго арзандап, кайра көтөрүлүп кетүүдө.

“Азыркы учурда сезондук факторго байланыштуу баа бир аз көтөрүлүп кетти.  Жаз-жай айлары керектөөгө талаптар көп болуп кымбаттоого дуушар болууда. Андан сырткары Орусиянын заводдорунда оңдоо иштери башталгандыктан, көлөмү азайды. Ошондуктан баа көтөрүлдү десек болот” – дейт Улан Кулов.

Андан сырткары, күйүүчү майдын айыл чарба сектору үчүн да мааниси чоң экени талашсыз. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын билдирүүсү боюнча, быйыл айыл чарба министрлиги 121 миң тонна сарпталат деп буйрутма берген. Камсыздоо иштери колго алынып, ишке ашырылууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү