Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаев жетектеген окумуштуулар делегациясы Тажикстандын илимдер академиясына расмий иш-сапар менен барып келди.
Алар эки мамлекеттин ортосундагы илимий, инновациялык, технологиялык тармактагы кызматташуу жана кадрларды даярдоо, табигый, техникалык жана гуманитардык илимдер боюнча маалымат алмашуу, илимий иш-чараларды биргелешип уюштуруу, илимий кадрларды даярдаганга көмөктөшүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Ошондой эле тараптар эки академиянын илимий-изилдөөчү мекемелеринин ортосунда илимий потенциалды натыйжалуу пайдалануу үчүн биология, физико-математикалык, техникалык, геолого-минералогиялык жана гуманитардык илимдер боюнча мамлекет аралык диссертациялык кеңештерди түзүү зарыл деген чечимге келишти.