Ысык-Көлдө «Туризмди өнүктүрүүдө музейлердин орду» деген темада семинар өтүүдө. 

музей3

Семинарга бардык катышуучулар сынактын негизинде кабыл алынган. Ошондой эле чет жердик эксперттер да чакырылган. 20дан ашык музейде эмгектенген кызматкерлер, туристерди тартуу жолу менен кошо, тарых үйлөрүн заманбап жаңы деңгээлге чыгарууну үйрөнүүдө.

музей

Иш-чаранын максаты — музейлердин ортосундагы жана туристтик операторлор менен болгон байланышты чыңдоо. Бул маданият туризмин жаңы деңгээлге көтөрүүгө жардам берет.

Музей демилгелер борборунун директору Аида Алымованын айтымында, Кыргызстанга келген туристтердин эс алуусун музейлерде маданий мурастын кайталангыс коллекциясы аркылуу байытууга  мүмкүнчүлүк берет.

 

Семинарга келген чет элдик адис Александр Лебедев бир гана жаратылыш эмес, музейдик экспонат менен дагы көп элди кызыктырса боло турганын белгилеп өттү.

«Азыркы учурда туристер орто кылымдагы Европадан тажады. Табигый жактан Кыргызстан, укмуштуудай тарыхый эстеликтерди көрсөтө алат. Музейди туризмди бир бөлүгү катары, албетте жол, мейманканалардын абалын кошо кетпесек болбойт. Бирок булар бара-бара оңдолчу нерселер. Кыргызстан тарыхы менен миңдеген адамдары тартат»,- деген пикирин айтты.

музей2

Маалыматка ыйлайык, бул долбоор модулдук болуп, бир жума бою уланат. Бул менен гана чектелбей Ошто, Бишкекте да болуп, жыйынтыгында Кыргызстан бул жаатта өз адистерин чыгарат.

Катышуучулар туристерди тартуу жолу менен биргеликте музейлерди заманбап өңүттө иштөө түрүн үйрөнүүдө.

Уюштуруучулар музей демилгелердин борбору, USAID агентствосу.