Жапония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан быйыл 28-апрелде кабыл алынган.

Максаты – жол инфраструктурасын өнүктүрүү, Кыргызстандын аймактарынын ортосунда үзгүлтүксүз транспорт байланышын, ошондой эле калктын кызмат көрсөтүү жана жумуш рынокторуна жакындыгын камсыз кылуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү