Струнино шаарында (Орусия) үй-бүлө өрткө камалып калып, аман калуунун айласынан бешинчи кабаттан жайылып турган шейшепке секиришти.

пожар

Алгач балдарын ыргытып, анан өзү секирген бүлөнүн атасы жаракат алып, азыр оорукананга жаткырылган. Өрттөнгөн үйдү 20 мүнөттө өчүрүштү. Өрттүн себеби төртүнчү кабатта жашаган аялдын тамак жасоосу болгон деп ntv телеканалы кабарлады.