Мамлекеттик бажы кызматы 2015-жылдагы жана 2016-жылдын I кварталында аткарылган иш-аракеттеринин жыйынтыгын чыгарды.

Бажы кызматына тиешелүү наркобизнеске жана аткезчиликке каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Азамат Койчумановдун билдирүүсү боюнча, 2015-жылы бажы тармагында 1969 бажы эрежелерин бузуу фактылары катталып, анын ичинен 156 кылмыш иши козголуп, 8 млн 930 миң сом айып санкциясы төлөтүп алынган. Бажы төлөмүнөн 262 млн 619 миң сом түшкөнү жана бюджетке 125 млн 571 миң сом кошумча төлөнгөнү маалым болду.

Ал эми 2016-жылдын 1 кварталында 245 эреже бузуу фактысы катталып, 47 кылмыш иши козголуп, 1 млн 417 миң сом айып төлөнгөнү жана бажы төлөмүнүн эсебинен 40 млн 578 миң сом түшкөнү белгилүү болду.

«Уюлдук телефон, авто унаа, чылым, минералдык жер семирткичтер, зер буюмдар,  дары-дармек, косметика каражаттары жана тамак-аш азыктары көп катталды. Азыр мыйзамсыз жолдорго кириптер болбоо жөнүндө кеңеш берүү иштерин жүргүзүп жатабыз» — деди бажы кызматкери.

2016-жылы тинтүү иштеринин натыйжасында маңзат менен кармалуу боюнча 13 факты катталып, 1 кг гашиш, 26 кг марихуанна жана 500 гр кара куурай колго түшүрүлгөн.