Бул каражат Афинага реформаларды жүргүзүүгө берилмекчи. Еврозонага кирген өлкөлөрдүн каржы министрлери акчалай жардамды эки транш менен бөлүп берүүгө макул болушту.

Министрлердин Брюсселдеги жолугушуусунда Грекиянын премьер-министри Алексис Ципрас жалпысынан керектүү салык реформаларын жүргүзгөнүн таанышты. Ошондуктан, июнда 7,8 млрд евро, кийинчирээк дагы 2,5 млрд евро бөлүп берүүнү туура көрүштү.

Бирок жардам берүү боюнча  акыркы чечим эки жуманын ичинде кабыл алынат.

Мындан тышкары, европалык министрлер Грекиядан карыздардын бир бөлүгүн алып салууну талкууласа боло турганын белгилешти. Бул Эл аралык валюта фондуна Грекияга кайрадан каржылык жардам берүүгө шарт түзмөкчү деп РБК жазды.