Үйүндө эч ким жок болгондуктан, 32 жашар М.К. дарбазадан аттап өтүп, бычак менен коркутуп, 5-класстын окуучусун зордуктап кеткен.

24-майда милицияга Бишкек тургуну кайрылып, анын 12 жашар кызы өз үйүндө зордукталгандыгы жөнүндө айтып берген. Свердлов ИИБ кызматкерлери фоторобот түзүшүп, Төмөнкү Ала-Арча районун курчоого алышты. Издөөнүн жыйынтыгында 32 жашар М.К. кармалды.

Милиция бөлүмүнө жеткирилгенде жабыркаган кыз аны тааныган. Кармалган жаран кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.

Бишкек ШИИБ билдиргендей, жабыркаган кыз Бишкекте 5-класста окуйт. Ата-энеси менен жашайт. Кылмышкер үйүндө эч ким жок болгондо дарбазадан аттап өтүп, бычак менен коркуткан.

Кармалган жаран буга чейин Күн-Туу айылында жашаганы маалым болду. Буга чейин соттолгон эмес, жумушсуз.

насильник опознание 12 опознание 1234