БАЭ өкмөтү билдиргендей, кадимки курулушка караганда бул долбоор 50%га арзаныраак түштү.
Принтерден басып чыгарылган кеңсе Дубай эл аралык каржы борборуна жакын жерде, шаардын чок ортосунда орун алды. Аны “Келечектин кеңсеси” (“Office of the Future”) деп атап коюшту. Имаратта ушул долбоорду демилгелеп чыккан Дубай келечек фондунун (Dubai Future Foundation) штаб-квартирасы убактылуу жайгашып турат.
Бир кабаттуу имараттын аянты 250 чаарчы метрге барабар. Анын ичине электр энергиясы, телебайланыш, суу киргизилип, абанын айланышын камсыздаган система орнотулду.
Video: Office of the Future in #Dubai, world’s first 3D printed office https://t.co/aR4xxnl8i3
— Dubai Media Office (@DXBMediaOffice) May 24, 2016