Сирияда «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун борбору деп жарыяланган Ракка шаарында Сирия Демократия күчтөрү жана күрттөрдүн Бирдиктүү демократия партиясынын канаты болгон элдик коргоо бирикмесинин күчтөрү операция башташты.

Операцияга күрттөрдүн Элдик коргоо бирикмесинин мүчөсү командир аял Рожда Фелат башчылык кылууда.

Сирия Демократия күчтөрү жана Түркия террордук уюм катары тааныган күрттөрдүн Бирдиктүү Демократиялык партиясынын кошуундары кече Ракка шаарына 3 тараптан кол салып кирген. Бул операцияда 12 миң араб согушкерлери да катышууда. Ал эми АКШ башында турган эл аралык коалиция күчтөрү абадан сокку урууда. Ракка шаарын эки жарым жыл мурда «Ислам мамлекети» экстремистик тобу басып алган.

Сирия демократия күчтөрүнүн аял командир Рожда Фелат журналисттерге берген маегинде.

аял командир«Ракка шаарынан 50 км узактыктагы жерден башталган операцияга 4 км узундуктагы жана 15 км кеңдиктеги бара жаткан күчтөр элди куткарып, эл аралык коалиция күчтөрүнүн жардамы менен жеңишке жетишебиз» — деп билдирген.

 

Haberler.com кабарлагандай, АКШ ИШИМге каршы оппозиция жана күрт күчтөрүнө жардам берүүдө. АКШ генералы Жозепх Вотел Сириянын түндүгүндөгү оппозиция күчтөрү менен жолугушуп, андан кийин Анкарада Түркиянын коргоонуу боюнча башкы штабдын башчысы Йасар Гүлер менен жолугушукан. Гүлер АКШны элдик коргоо бирикмеси менен иштешүүдө этияттык мамиледе болушун эскертип, ИШИМ менен күрөшүүдө кыйынчылык жаралса, элдик коргоо бирикмеси АКШны жолго таштап кетээрин эскертти.

АКШ ИШИМден шаарды бошотууга жардам берүү Сириядагы өз алдынча жарыялаган федерацияна тааныйт дегенге жатпайт билдирди. Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров  АКШ баштаган коалиция менен күрттөрдүн шаарын куткарылышы үчүн бирдикте иштешүүгө даяр экендигин  маалымдаган.

«Ислам мамлекети» террордук тобу 2014-жылы жай айында  Сирия менен Ирактын айрым аймактарына халифаттыгын жарыялаган. Бүгүнкү күндө ал уюмга Ирак өкмөтү, Сирия өкмөтү, Сирия оппозициясы, күрт күчтөрү, Түркия, Орусия, Иран жана АКШ баштаган эл аралык 60 өлкө каршы согушуп келет.

Ал эми Түркия күрттөрдүн чөлкөмдө түзүлгөн партияларын террордук уюм катары таанып, АКШ, Европа өлкөлөрүн алар менен иштешүүдө деп айыптап келет.