40-50 миллиондук калкы бар күрт улуту өз алдынча мамлекети болушу керек экендигин билдирген Ирак күрт автономдуу районун президенти Месут Барзани Швецариялык The Nation газетасына интервью берген.

Анын айтымында, күз айларында Күртстан аймагында көз карансыздык үчүн референдум өтөт.  50 миллион калкы бар улуттун өз алдынча мамлекети болушу керек экендигин белгилген Барзани:

«Бүгүн күрт калкы төрт бөлүккө бөлүнүп калдык жана төрт өкмөттүн чечимин суранышы керек» — дейт. Бул төрт аймак Ирак, Сирия, Иран жана Түркия болуп саналат.

Күрттөр жашаган аймак
Күрттөр жашаган аймак

Күрдстан аймагынын көз карандысыз болушуна даяр экендигин билдирген Барзани жаңы чек араны чийиш керек экендигин белгилген. Бирок күч менен чийилген чек ара кабыл алынбасын айтып, эл аралык чечим болуш керек деп билдирди.

Ошондой эле, Барзани Мосул шаарын ИШИМден куткарууга даяр экендигин белгилеп, бирок шаар куткарылгандан кийин аймак кандай башкарыларына токтолгон. Ал үчүн Ирак өкмөтү жана АКШ бир план иштеп чыгышы керек, ошондо гана шаарды куткарууга жардам беребиз деп белгилеген.

Ирактагы күрттөр 2006-жылы жаңы баш мыйзамдын негизинде автономдуулукка жетишкен. Ал эми Түркия, Сирия, Ирандагы күрттөр автоном аймак үчүн күрөшүп келишет.