Суусамырда мындан беш жыл мурда “Байтур” кымыз менен дарылоо жайы ачылган.

Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg

Деңиз деңгээлинен 2 200 метр бийиктикте жайгашкан Суусамыр өрөөнүнөн орун алган жай журналисттерге пресс-тур өткөрдү. Бишкек шаары менен аралыгы 160 км түзөт.

Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg

Кымыз — зат алмашуу бузулганда, карыган курактагы ооруларда жана алсыздыкта, стрессте жана өнөкөт чарчоодо, кургак учукту дарылоодо жардам берет. Адамдын ден соолугу үчүн кымыздын дарылык касиети өтө уникалдуу.

Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg

Аталган жай экологиялык жактан таза продукция менен адамдарды дарылоону көздөй турганын билдиришти.

Сүрөт: Saat.kg
Сүрөт: Saat.kg

Иш-чаранын жүрүшүндө журналисттер кымыз менен дарылануучулар үчүн ыңгайлуу шарттардын бардыгы түзүлгөнүн айтып, дарыланам дегендерди эс алууга чакырышты.