Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алган келишим дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлерине гана тиешелүү болот.

Бүгүн ЖК депутаттары Кувейт жана Сербия менен түзүлгөн келишимдерди карап чыгышты. Аларга ылайык, Кувейт менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык жана кызматтык паспортко ээ болгондор 90 күнгө чейин өз ара визасыз жүрө алышат. Эки мамлекеттин өкмөттөрү бул боюнча 2015-жылдын 13-декабрында макулдашышкан.

Сербия өкмөтү менен дипломаттар үчүн визаны алып салуу келишими 2015-жылдын 2-декабрында түзүлгөн эле. Эки өлкөнүн жарандары өз ара визасыз 90 күн жүрсө болот.

Келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынып, экинчи окууга жөнөтүлдү.