Дыйкандар Махаматма Ганди көчөсүнө караган айлампа жолдо 15-20 жылдан бери соода кылып келишкен. Азыр алар жергиликтүү бийликтин куугунтугуна кабылып жаңы башталып, жаткан соода иштери калып жатканын билдиришет.
Биринчи себеби, убактылуу куруп алган алачыктары көрктү бузат дешсе, экинчиден, таштанды көбөйүп жатканын айтышууда.
Президентке, ЖК фракция лидерлерине жана Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө дыйкандар кайрылуу жасашкан. Бирок эч кандай чаралар көрүлбөй жатканын айтышат.
Аларды айыл өкмөт башчысы Кызыл-Аскер-Кара-Балта линиясында жайгашкан жогорку вольтту электр тогу жайгашкан жерге көчүргөн.
«Ал жер кооптуу жана ден соолукка зыяндуу. Экинчиси, ал жердин жайгашуусу соодага ыңгайлуу болбогондуктан, пайда көрө албай калабыз. Жолду бойлой өткөн унаалар сайдын жээгине түшүп отурбайт. Аларга жол жээгинен алып кеткен ыңгайлуу. Бул жерде айыл өкмөтү менен жерди сатып алган адамдын кызыкчылыгы күчтүү болуп жатат. Сатып алган адам ошол жерге базар ачкан болчу. Биздин бир гана өтүнүчүбүз бар. Үч ай мурунку жерибизге соода кылууга уруксат берип коюшсун», — дейт дыйкан Кубанычбек Тайлаков.
Ал эми арыздануучулардын бири Кишимжан Абасканова болсо, «Эгерде өтүнүчүбүз бийлик тарабынан аткарылбаса, БУУга кайрылып, жарандыктан баш тартып, чет өлкөгө чыгып кетүүгө даярбыз» дейт.