Нарын шаарында суу түтүктөрү жана канализация оңдолот. Ал үчүн насыя жана грант алынат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы, ошондой эле, Швейцария өкмөтү тарабынан каражат бөлүү келишимин жактырышты.

Донорлор Нарындын суу берүү системасын жана канализациясын оңдоого 6,2 млн евро бөлөт. Анын 2 миллиону – ЕРӨБдүн насыясы, 3,2 млн евро – Швейцария өкмөтүнүн гранты. 1 млн евро долбоорду ишке ашырууда техникалык колдоого бөлүнөт. Кредит 15 жылга берилет.

Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев насыяны төлөө үчүн суунун баасы кымбаттай турганын айтты.

“Биз тарифти 30%га кымбаттаттык. Эми дагы 20%га көтөрүлөт. Учурда тариф 19,10 сомду түзөт, ал болжолу 3 сомго кымбаттайт. Абоненттердин саны – 8,5 миң киши. Долбоор ишке ашкандан кийин 15%га көбөйөт”, — деди Адиев.